БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Министрлик мугалимдерди мазактагандарга карата айып пулду көбөйтүүнү сунуштады
Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдин ишине кийлигишип, мазактагандарга карата айып пулдун өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам доолбору 4-декабарда коомдук талкууга чыгарылды.
Министрлик "Укук бузуулар жөнүндө кодексине" өзгөртүүнү сунуштоодо. Анда мугалимдерди кесиптик милдеттерине байланышпаган иштерге тартса, мыйзамда каралбаган отчетторду же маалыматтарды талап кылса, текшерүүлөрдү жүргүзсө, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча милдеттерди жүктөсө, анын ишине байланышпаган иш-чараларды өткөрүүгө тартса, жеке жактарга жана кызмат адамдарына 20 миң айып пул салуу каралууда.
Ал эми мугалимди сөгүү, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү, адепсиз жаңсоолорду (белгилерди) же предметтерди көрсөтүү түрүндө, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары же телеканалдар аркылуу билдирилген сыйлабагандыкты көрсөткөндөр 25 миң айыпка жыгылат. Мындан сырткары жогорудагы жосунду жасаган 16 жашка чейинки окуучулардын ата-энелерине же мыйзамдуу өкүлүнө эскертүү берилет. Ага карабай кайра эле жыл ичинде кайталанса 30 миң сом айып салынат.
6-ноябрь күнү кечинде социалдык тармакта ата-энелердин бири мектеп мугалимин тилдеп жатканы тартылган видео тараган. Билим берүү жана илим министрлиги бул боюнча комментарий берип, окуя Бишкек шаарындагы №57 мектепте болгонун билдирген. Министрлик окуя көзөмөлгө алынганын, мугалимдерге сый-урмат мамиле кылууну эскерткен. Мугалимди урушкан окуучунун ата-энесине мин сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Бул окуядан кийин 20-ноябрда президент Садыр Жапаров "Жылдын мыкты мугалими" жана "Мыкты тарбиячысы" сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу иш-чарасында мектептеги окуяны сынга алган. Анда өлкө башчы мугалимдин сабагын эч ким токтотууга укукугу жоктугун белгилеген. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутаттар мугалимди тилдегендерге жазаны күчөтүү сушуштаган.
Автор: Осмонова Айдана > 795 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat