БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Билим берүү министрлиги окуучунун апасы мугалимди тилдеген окуя көзөмөлгө алынганын билдирди
Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын алдында мугалимди тилдеп жаткан аял тартылган видео боюнча комментарий берди. Ведомство окуя көзөмөлгө алынганын кабарлап, мугалимдерге сый-урмат мамиле кылууну эскерткен.
Министрликтин маалыматында тасмадагы окуя Бишкектеги №57 мектепте болгон. Анда тарых мугалими окуучулардын биринин апасынын сөздөрүнөн кийин көзүнө жаш алган. Министрлик окуя боюнча мектеп администрациясы, шаардык билим берүү департаменти иш алып барып, тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылганын маалымдады.
"Министрлик кайсы жерде жана кандай шартта болбосун мугалимди басмырлап, анын беделин түшүрүү жол берилгис көрүнүш экенин баса белгилейт жана ата-энелерди мугалимдерге сый-урмат менен мамиле жасоого чакырат" - деп айтылат маалыматта.
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева да социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, окуяны өү көзөмөлгө алганын, бул боюнча укук коргоо органдары да баа бериши керектигин белгилеген.
Буга чейин социалдык тармакта ата-энелердин бири мектеп мугалимин тилдеп жатканы тартылган видео тараган.
Автор: Анарбаева Наргиза > 175 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat