БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Билим күнү: өлкөдө мектеп босогосун 120 миңден ашык окуучу аттады

Билим күнү: өлкөдө мектеп босогосун 120 миңден ашык окуучу аттады

Сүрөт интернеттен алынды

Бүгүн, 2-сентябрда өлкөнүн бардык жалпы билим берүү уюмдарында биринчи коңгуроо кагылып, жаңы окуу жылы башталды. Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда мектеп босогосун 120 миңден ашуун окуучу аттаганын билдирди.

Учурда 1-4-класстардын окуучуларына биринчи сабак "Билим – бул күч" темасында, 5-11-класстарга "Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар" темасында өтүлүүдө. 

Министрликтин маалыматы боюнча, республика боюнча 2173 мамлекеттик, 204 жеке менчик мектеп бар. Анда 1,5 миллионго жакын окуучу билим алып, 90 миңден ашуун мугалим эмгектенет.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей