БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бильярдчы Сагынбаев эки берене менен айыпталууда

Бильярдчы Сагынбаев эки берене менен айыпталууда

ИИМ тараткан сүрөт

Бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаевге эки берене менен иш козголуп, соттун чечими менен үй камагына чыккан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директорунан кайрылуу келген. Анда спорттук мектептердин биринде мүлктү кабыл алуу жана өткөрүп берүү учурунда спорттук инвентарлардын көлөмү инвентаризациялык отчетко туура келбеген фактылар аныкталган. Натыйжада мамлекеттик бюджетке бир миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон. 

Мындан сырткары Сагынбаев Документтерди жасалмалоо беренеси боюнча өзүнчө кылмыш иши козголгон.

Анын баш коргоо чарасын Свердлов райондук соту карап, үй камагына чыгарылган. 

Каныбек Сагынбаев Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резерв окуу жайынын директору. Ал бул кызматы 2021-жылдан бери аркалап келет. 

 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей