БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Бир да күбө суралган жок". Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар кайрылуу жасашты

"Бир да күбө суралган жок". Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар кайрылуу жасашты

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

4-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунунун имаратынын алдында Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активтисттер журналистерге маалымат жыйын өткөрүштү. Алар соттук териштирүүдө айыптоо актысы баарына окулбай эле иш каралып жатканын, тийиштүү бир да күбө суралбаганын айтышты.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, кийин үй камагына чыккан айыпталуучулардын бири Мамбетжунус Абылов соттук отурумда айыптоо актылары 7-8 гана кишиге окулганын белгиледи. 

"7-8 гана кишинин айыптоо актылары окулду. Калгандардыкы окулган жок. Азыр ошол укпаган айыптоо актысы боюнча деле пикирибизди билдире баштадык. Бирок сот эмнегедир шаштырып, биздин суроолорду токтотуп, коюлуп жаткан дооматтарга эмнеге каршы экендигибизди да айта албай калып жатабыз", - деди Абылов.

Айыпталуучулардын дагы бири, укук коргоочу Рита Карасартова "Кемпир-Абад иши боюнча бир дагы күбө суралбады" дейт. 

"Мамлекет тарабынан "бизди кылмышты жасады" деген күбөлөрдү алып келиши керек болчу. Кемпир-Абад иши боюнча бир да күбө жок. Ошол үчүн күбөлөрдү караганды токтотуп, айыпталуучуларды угабыз деп эрежени бузуп кетти. 15-июнда иштин сотко өткөнүнө бир жыл болот. Бир убакытта айыпты, күнөөнү угуза албаса камактагыларды чыгарыш керек болот. Ошого шашып атат". 

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегизи тергөө абагында калды. Калгандары үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке "жашыруун"грифин койгон. Ушундан улам сот жабык өтүп келет. Милиция аларды "бийликти басып алууга аракет кылган" деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү", "Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. Кармалгандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Автор: Т-Медиа > 354 статей