БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бир канча берененин эскирүү мөөнөтү алынды. Мыйзам долбоорго Садыр Жапаров кол койду

Бир канча берененин эскирүү мөөнөтү алынды. Мыйзам долбоорго Садыр Жапаров кол койду

Сүрөт интернеттен алынды

Өлкөдө кылмыш-жаза кодексине, кылмыш-жаза процессуалдык кодексиндеги бир канча беренелерге өзгөртүүлөр киргизилди. 2024-жылдын 22-февралында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына президент кол койду. 

Мыйзамда Кылмыш-жаза кодексинин айрым беренелеринде эскирүү мөөнөтү колдонулбай турган болду.

Ага төмөндөгү беренелер кирет:

– 209-берененин 3, 4-бөлүктөрү менен (уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдоштуктун курамында, кызматтык абалын пайдалануу менен, ири жана өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык);

– 210-берененин 3, 4-бөлүктөрү менен (уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдоштуктун курамында, кызматтык абалын пайдалануу менен, ири жана өзгөчө ири өлчөмдө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу);

– 215-берененин 3-бөлүгү менен (адамдардын тобу тарабынан, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү);

– 336-беренеси менен (Коррупция).

Ошондой эле, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренеси эгерде кылмыш менен келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулбаса, кылмыш куугунтугунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен кылмыш ишти токтотууга жол берилбей тургандыгы боюнча бөлүк менен толукталды.

Бул өзгөртүүлөрдү 2023-жылдын 28-декабрында Жогорку Кеңеш колдоп берген. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей