БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Бир канча берененин эскирүү мөөнөтү алынды. Мыйзамга Садыр Жапаров кол койду
Өлкөдө кылмыш-жаза кодексине, кылмыш-жаза процессуалдык кодексиндеги бир канча беренелерге өзгөртүүлөр киргизилди. 2024-жылдын 22-февралында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына президент кол койду.
Мыйзамда Кылмыш-жаза кодексинин айрым беренелеринде эскирүү мөөнөтү колдонулбай турган болду. Ага төмөндөгү беренелер кирет:
– 209-берененин 3, 4-бөлүктөрү менен (уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдоштуктун курамында, кызматтык абалын пайдалануу менен, ири жана өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык);
– 210-берененин 3, 4-бөлүктөрү менен (уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдоштуктун курамында, кызматтык абалын пайдалануу менен, ири жана өзгөчө ири өлчөмдө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу);
– 215-берененин 3-бөлүгү менен (адамдардын тобу тарабынан, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү);
– 336-беренеси менен (Коррупция).
Ошондой эле, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренеси эгерде кылмыш менен келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулбаса, кылмыш куугунтугунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен кылмыш ишти токтотууга жол берилбей тургандыгы боюнча бөлүк менен толукталды.
Бул өзгөртүүлөрдү 2023-жылдын 28-декабрында Жогорку Кеңеш колдоп берген. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat