БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бир нече журналисттердин үйүндө тинтүү болуп, айрымдарын суракка алып кеткени айтылды

Бир нече журналисттердин үйүндө тинтүү болуп, айрымдарын суракка алып кеткени айтылды

видеодон скриншоттор алынды

Бүгүн, 16-январдын таңында өлкөдө бир нече журналисттин үйүндө тинтүү болгону айтылды. Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызынын, журналист Сапар Акунбековдун, ушул эле долбоорлордо иштеген Азамат Ишенбековдун үйлөрүндө тинтүү болуп жатканын жазды. 

Мындан тышкары эркин журналист Актилек Капаровдун, "ПолитКлиника" басылмасынын журналисти Тыныстан Асыпбектин да үйүн тинтүү болгон. Ички иштер министрлиги Тыныстан Асыпбекке "массалык башаламандыктарга чакыруу" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, аны учурда тергөө бөлүмүнө алып кеткени белгилүү болду. 

Автор: Т-Медиа > 355 статей