БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бириккен айыл аймактарынын кеңешинин төрагасын шайлоо башталды

Бириккен айыл аймактарынын кеңешинин төрагасын шайлоо башталды

Сүрөт: sputnik.kg

20-22-февралда жер-жерлерде жаңыдан түзүлгөн айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өткөрүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. 

Боршайкомдун маалыматына караганда, 117 айылдык кеңештин төрагаларын шайлоо зарыл. Шайлоо төмөнкү график боюнча өткөрүлөт. Ал эми шаардык кеңештерде төрага шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары болбойт.

Жалпысынан өлкө боюнча 484 жергиликтүү кеңеш (32 шаардык жана 452 айылдык кеңеш) болгон. Административдик-аймактык реформанын алкагында алар кыскарып, 268 жергиликтүү кеңеш (33 шаардык жана 235 айылдык кеңеш) болот.

Кыргызстанда административдик-аймактык реформа пилоттук режимде алты облуста, Бишкек жана Ош шаарларында башталган.

Автор: Т-Медиа > 354 статей