БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Бишкек: 2-декабрдан тарта коомдук транспортто накталай төлөм жоюлат

Бишкек: 2-декабрдан тарта коомдук транспортто накталай төлөм жоюлат

Сүрөт интернеттен алынды

Бишкек шаарында 2-декабрдан тартып коомдук транспорт, автобустун айдоочуларына жол кире үчүн накталай акча төлөө планы жокко чыгарылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы  билдирди.

Эртеңден баштап автобустардагы жүргүнчүлөрдү эсептөө системасы аркылуу төлөмдөрдү көзөмөлдөө күчөтүлөт. Эгерде иш жүзүндөгү төлөм менен салыштырганда каражаттын жетишсиздиги аныкталса, айдоочуларга мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Бишкекте жол кире акыркы жолу быйыл январь айында көтөрүлгөн. Ушул тапта автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” жана банк карталары менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом. Менчик жана кичи автобустарда 20 сом. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала