БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек: 200 үйгө ысык суу бериле баштады

Бишкек: 200 үйгө ысык суу  бериле баштады

Медиа Штаб КР

Бишкек ЖЭБди авариядан кийин калыбына келтирүүгө 19 курулуш компаниясы тартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш  агенттигинен маалымдашты. Учурда компаниялардын 10дон ашуун атайын техникалары жана 100дөн ашуун куручуулары иштеп жатат.

 

Бишкекжылуулуктармагы"-"Электр Станциялар" ААКтын филиалы этап-этап менен  керектөөчүлөргө ысык суу бере баштады. 3-февралга карата 200 үй ысык суу менен камсыздоо системасына кошулду. 

Буга чейин ӨКМдин 557 кызматкери менен 35 атайын техникасы ЖЭБдеги жарылуунун кесепетин жоюп жатканы кабарланган.

Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ТЭЦинде авария катталды. Мындан улам шаарга жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады. Азыркы тапта кырсыктын кесепетин жоюу аракеттери жүрүп, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия иштеп жатат. Бүгүн, 3-февралда, шаардыктарга ысык суу менен жылуулук акырындык менен бериле баштады.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей