БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек: Ататүрк паркынан үй алгандар өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдошту

Бишкек: Ататүрк паркынан үй алгандар өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдошту

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

Бишкек шаарындагы Ататүрк паркында жайгашкан үйлөрдүн тургундары 25-апрелде маалымат жыйын өткөрүп, жеке менчик укугу бузулуп жаткандыгын айтып чыгышты. Мындан улам алар өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдошту.

Жашоочулардын айтымында, аларга Бишкек мэриясы 30 күндүн ичинде парктын аймагындагы үйлөрдү бошотуп коюуну, болбосо тийиштүү чаралар көрүлөрүн эскерткен кагаз берген.  

"Биздин мыйзамдуу кызыл китептерибиз бар. Муну менен жеке менчикти тартып алып атат да. Башка кандай деп айтмак элек. Азыр кошуналар менен сүйлөшүп, бардык документтерди чогултуп керектүү инстанцияга кайрылганы турабыз. Биз өзүбүздүн мыйзамдуу жеке менчигибизди коргошубуз керек" ,-деп билдирди жашоочулардын бири Таланбек Исманов. 

Апрелде Бишкек мэриясы Ататүрк паркындагы курулуштарды сүрдүрүү боюнча чечим кабыл алган. Калаа башчысы Айбек Жунушулиев бул чечим менен мэриянын буга чейинки жер берүү боюнча чыккан 124 токтому жокко чыгарылганын билдирген. Ошондой эле жер тилкелерин берүүдө кол коюп, уруксат берген ошол кездеги жетекчилердин да жоопкерчилиги карала турган болгон. Бул боюнча прокуратура органдарына кайрылуу болуп жатканын кабарлаган. Парктын аймагында мыйзамсыз курулган кыймылсыз мүлктү тазалоо маселесинде муниципалитет Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде иш алып барарын кошумчалаган.

Жергиликтүү бийлик Ататүрк паркын баштапкы калыбына келтирүү үчүн эс алуу зонага таандык 43 гектар жерди кайтарууну көздөп жатат. Мэрия Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылдын 25-июндагы № 225 "СССРдин 50 жылдыгы" сейил багынын аймактарын сейил бактардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине утурумдук күтүү жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга берүү жөнүндө" токтому менен бекитилген, Мустафа Кемал Ататүрк атындагы аянты 107 гектарды түзгөн сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон.

Буга чейин Kloop.kg менен OCCRP уюмунун журналисттери 2000-жылдан 2008-жылга чейин Ататүрк паркынын аймагы азайып, жер тилкеси кантип жеке колдорго өтүп кеткенин иликтеп чыгышкан. 

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Т-Медиа > 354 статей