БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек: бүгүн айрым көчөлөр жабылат

Бишкек: бүгүн айрым көчөлөр жабылат

Сүрөт интернеттен алынды

Бүгүн, 12-ноябрь Бишкек шаарынын Гагарин жана Асаниалиев көчөсүнөн Псков көчөсүнө чейин унаалар үчүн жол жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.


“2023-жылдын 12-ноябрында 7:00дөн 23:00гө чейин Гагарин жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишинде канализациялык коллекторду куруу иштери жүргүзүлөт. Диаметри 600 мм болгон канализация түтүктөрүн коюу боюнча курулуш-куроо иштеринин жүрүшүнө байланыштуу Гагарин көчөсү Асаналиев көчөсүнөн Псковская көчөсүнө чейин жабылат”-деп жазылат анда.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун альтернативдүү жолдорду алдын ала тандап алууну сунуштады.

Маалыматка караганда, канализациялык коллектордун курулушу «Бишкек шаарынын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо» долбоорунун  II фазасынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Коллектордун курулушу 2022-жылдын сентябрында башталган. Коллектордун жалпы узундугу - 11 километр.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей