БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек: "Дордой" базарынын соодагерлери нааразычылык акциясына чыгышты

Бишкек: "Дордой" базарынын соодагерлери нааразычылык акциясына чыгышты

Сүрөт: t-media

Бүгүн, 30 -ноябрда Бишкекте "Дордой" базарынын соодагерлери салыкка байланыштуу  нааразычылык акциясына чыгышты. Алар жаңы киргизилген өзгөчө салык режими  соодагерлердин түйшүгүн көбөйткөнүн айтышууда. Соодагерлер патент системасын калтырууну талап кылышты. 


Ушундай эле нааразычылык акциясы кечээ, 29-ноябрда Ошто болгон. Анда Кара-Суу базарында иштегендер көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, райондук администрациянын алдына митингге чыгышкан.

Окуядан кийин Салык кызматы билдирүү таратып, стратегиялык объектилерге кирген "Дордой" жана Кара-Суудагы "Тураталы эл базары" 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМ, ЭТТН жана ЭЭФтен бошотулганын маалымдаган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей