БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Бишкек: экинчи Элдик курултайга 695 делегат катышууда
15-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп жаткан экинчи Элдик курултайга Кыргызстан боюнча шайланган 700 делегаттын 695и катышууда. Анын ичинен 551и эркек, калганы аялдар. 640 киши Кыргызстандын аймактарынан, 30 адам этностук өкүлчүлүктөрдөн, 30 делегат чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан шайланышты. Бул тууралуу мамлекеттик катчы, Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.
Курултай 15-16-декабрь күндөрү өтөт. Ага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышууда.
Биринчи элдик курултай былтыр ноябрда өткөн. Анда төрт миңден ашуун сунуш түшкөн, эми анын кандай аткарылганы жөнүндө бийлик бутактарынын отчету угулат.
"Элдик курултай жөнүндө" конституциялык мыйзам 2023-жылдын 24-июлда кабыл алынган. Мыйзамдын талабына ылайык, 700 делегаттын ичинен курамын 17 адамдан турган Улуттук кеңеш түзүлүүгө тийиш, анын ичинен ар бир облуска бирден өкүл шайланат.
Автор: Т-Медиа > 385 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat