БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек: ККМге каршы болгон соодагерлер Горький гүлбагына чыгышты

Бишкек: ККМге каршы болгон соодагерлер Горький гүлбагына чыгышты

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

"Дордой Моторс", "Кудайберген",  "Ош"  базарларында жана Бишкектеги айрым майда дүкөндөрдө иштеген соодагерлер бүгүн, 5-декабрда Бишкектеги Максим Горький гүлбагына нааразылык акцияга чыгышты. 


Алар ККМге,  товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны колдонууга каршы экенин билдирип, патент системасын калтырууну талап кылышууда. 

Буга чейин 29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги "Дордой", "Мадина", Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу "Аламүдүн", Оштогу, Таластагы, Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышкан. Ал эми 2-декабрда ушундай эле талап менен Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан "Кудайберген" базарынын соодагерлери иш таштаган.

Бул окуялардан кийин президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразылыкты иликтөө үчүн атайын комиссия түзгөн. 

2024-жылдын 1-январынан тартып өлкөдөгү базарларда соода-сатык менен алектенгендер  ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип, ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын билдирип келет

Автор: Т-Медиа > 354 статей