БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Курултай: Кошалиев Кемпир-Абад боюнча соттук отурмдарды ачык өткөрүүнү сунуштады

Курултай: Кошалиев Кемпир-Абад боюнча соттук отурмдарды ачык өткөрүүнү сунуштады

Сүрөт: prezident.kg

Бишкекте өтүп жаткан Экинчи элдик курултайда делегат Кадыр Кошалиевге сөз берилип, ал Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын соттук отурумдарынын ачык өтүшү тууралуу айтты.  

"Кемпир-Абад боюнча кармалган абактагы туугандар "Бизди соттосун, макул. Бирок ачык өтсүн" деп жатат".

Буга чейин Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып кармалган оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров Элдик курултайдын катышуучуларына кайрылып, сотту ачык өткөрүүнү курултайга салуу сунушун берген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Учурда  27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин үй камагына чыгарылган. 

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке "жашыруун" грифин койгон. Ушундан улам сот жабык өтүүдө. Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин «Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү», «Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү» беренелеринин негизинде козголгон. 

Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук деп баалап келет.

Автор: Максат Боромбаев
 

Автор: Т-Медиа > 354 статей