БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек: мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг өттү

Бишкек: мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг өттү

Сүрөт: t-media/ Максат Боромбаев

9-декабрда Бишкектеги Максим Горький гүлбагында мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг болуп өттү. 

Митингге 70тен ашык адам чогулган. Алар  "Тууга тийбе" жана "Афтандилге боштондук" деп кыйкырырып жатышты. Андан соң чогулгандар мамлекеттик гимнди ырдап митиг жыйынтыкталгандыгын билдиришти. 

Буга чейин социалдык тармакта туунун өзгөрүшүнө каршы ой-пикирин билдирип келген Жоробек Афтандил 8-декабрда Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга  камалды. 

Ички иштер министрлиги Жоробековго Кылмыш-жаза кодексинин “массалык башаламандыктар” беренесинин 3-бөлүгү, “бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен кылмыш иши козголгонун билдирди. 

Ал 7-декабрда Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылып, андан кийин кармалган.

 Анын алдында Соцтармактардагы акция тууралуу кайрылууларына байланыштуу  Бишкектин Октябрь райондук милициясына, Улуттук коопсуздук комитетине да чакырылган. Ага чейин милиция аны 3-декабрга белгиленген "Туудан колуңду тарт!" автожүрүшүнөн улам чакырганын жазып, кийин милиция эскертүү берип ал автожүрүш токтотулган. 

Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов демилгелеген мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун 29-ноябрда депутаттар биринчи окууда чукул кабыл алды. Анда  66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берген. 

Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

Ал эми социалдык тармактардын колдонуучулар туунун өзгөрүшүнө каршы ар кандай флешмобторду өткөрүп келишет. Айрымдар өлкө башчынын жана УКМК төрагасынын интернеттеги расмий баракчаларына дагы пикир калтырышууда.

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей