БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек: мэрия дөңгөлөгү кир унааларга айып салууда

Бишкек: мэрия дөңгөлөгү кир унааларга айып салууда

Сүрөт Бишкек мэриясынын фейсбук баракчасынан алынды

Борбор калаанын көчөлөрүн булгаган үч унаага Бишкек мэриясы 23 миң 69 сом өлчөмүндө айып пул салды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта шаардык мэрия билдирди.    

Мэриянын билдириншинче муниципалдык инспекция Ленин районунда атайын рейд учурунда үч курулуш компаниясы тарабынан мыйзам бузуу фактыларын аныктаган. 

Ал транспорттук каражаттар "Дор Курулуш Групп" жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК), "Ресурс курулуш компаниясы" жана "Азат Строй Сервис" ЖЧКларына таандык болуп чыккан.

"Инспекторлор тарабынан борбор калаадагы автотранспорт жүрүүчү көчөлөрдү булгаганы үчүн  Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 177-беренесинин 2 -бөлүгү менен  протоколдор түзүлдү жана үч компанияга  23 миң сомдон 69 миң сомго айып салынды"-деп маалымдаган мэрия. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей