БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Бишкек мэриясы автобустарда жүрүүдө накталай эмес төлөмгө өтүүгө чакырууда

Бишкек мэриясы автобустарда жүрүүдө накталай эмес төлөмгө өтүүгө чакырууда

Интернеттен алынды

Бишкек шаардык мэриясы борбордун жашоочуларын автобустарда жүрүү үчүн накталай эмес, карточка алып 17 сомдон төлөөгө чакырууда. 

Мэрия 20 сомдон накталай төлөнгөн акча автобазанын эсебине толук түшпөй жатканын билдирди. Бул көрүнүш улана берсе жаңы автобустар дагы мурдагыдай автобустардын мүрзөсүнө айланарын эскертет. 

«Себеби, запастык бөлүктөр өз убагында алынып келинип турбаса, оңдоо иштери өз убагында жүргүзүлбөйт. Баш-аягы шаарды 1500 автобус тейлейт. Алар сиздердин акчаңарга сатылып келгенин унутпагыла. Бул автобустар бери дегенде 15-20 жыл элге кызмат кылыш керек», -дейт мекеме. 

Ал эми борборго келген конокторду да карточка алууга чакырууда. Шаарга келбеген учурда акчалары сакталып турары кошумчаланган.  

Бишкекте январь айынан тарта жол акы кымбаттаган. Учурда накталай төлөм менен -20 сом, «Тулпар»картасы менен 17 сом.

Автор: Осмонова Айдана > 660 статей