БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек мэриясы борбордук көчөлөрдөгү маршурттук каттамдарды токтотту

Бишкек мэриясы борбордук көчөлөрдөгү маршурттук каттамдарды токтотту

Сүрөт: Т- Медиа

Бүгүн, 15-июндан тартып Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндөгү кичи автобустар каттабайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Маалыматка карганда, буга чейин 53 каттамга чыккан жалпы 1202 кичи автобус эми шаардын четинде, башка көчөлөр аркылуу жүргүнчүлөрдү ташый баштайт.

Борбордук көчөлөрдөн мындан ары жүрбөй турган маршруткалар: №101, №111, №117, №129, №131, №143, №163, №164, №176, №179, №185, №199, №200, №201, №211, №230, №240, №254, №260, №265, №285, №295. Мунун баары "Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы" муниципалдык ишканасына таандык.

Жүргүнчү ташыган жеке фирмалардын кичи автобустары: №104, №106, №118, №121, №128, №130, №132, №135, №136, №137, №138, №148, №172, №175, №188, №192, №193, №202, №203, №204, №207(жабылат), №208, №215, №220, №224, №243, №252, №257, №258, №266

Кыймыл чиймелер менен төмөнкү шилтеме аркылуу кирип таанышсаңыздар болот:

https://www.facebook.com/312Bishkek/posts/pfbid0NqmuiJqoSv9vbbA8dVSvULUrtWG2Ut5J5UbY8AR7CVay4TkRgtGhmhts6Mx958aMl 

Калаа бийлиги каттамдан алынган кичи автобустардын айдоочулары муниципалдык автобустарга айдоочу болуп ишке орношсо болорун билдирген. Бирок ал үчүн окуудан өтүү керек. Анын мөөнөтү иш стажына жараша аныкталат. Бүгүнкү күндө автобус айдоочусунун маянасы 98 миң сомго чейин жетери кошумчаланган.

Жергиликтүү бийлик жакынкы аралыкта Бишкек шаарында бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылаарын айтып келет. Анткен менен жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатына жана транспорт таңкыстыгы тууралуу коомчулукта нааразылык көп.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей