БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек мэриясы борбордук көчөлөрдөн алынчу маршруттардын тизмесин жарыялады

Бишкек мэриясы борбордук көчөлөрдөн алынчу маршруттардын тизмесин жарыялады

Сүрөт: Т- Медиа

Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнөн 800дөн ашуун кичи маршруттук каттамдар алынат. Аны менен борбордук көчөлөрдү бошотуу пландалууда.

Мэрия бошотуу иштери үч этап менен жүрөрүн билдирди. Ага ылайык, Ахунбаев көчөсү - 7-апрель көчөсү (Курманжан Датка) – Чүй -Манас проспектилери менен чектелген аймактан кичи автобустар чыгарылат.

Анын биринчи этабы 10-апрелде башталат жана транспорттун жалпы саны - 135. Алар: № 111, 118, 130, 134, 135, 136 маршруттук каттамдар. Экинчи этап 10-майдан башталат. Анын алкагында 159 даана кичи маршруттук каттам шаар сыртына чыгарылат. Алар: №138, 163, 192, 202, 207, 220. Үчүнчү этап 1-июнда башталып, 589 транспорт каттамдан алынат. Алар: № 224, 234, 243, 246, 257, 258, 275 жана "Жүргүнчүлөрдү ташуу бирикмеси" муниципалдык ишканасынын №150, 143, 131, 117, 112, 101, 164, 179, 185, 201, 211, 223, 227, 230, 240, 250, 252, 260, 285, 295-каттамдар.

Бишкек мэриясы каттамдан алынган кичи автобустардын айдоочулары муниципалдык автобустун айдоочусу болуп ишке орношсо болорун билдирди. Бирок ал үчүн окуудан өтүү керек. Анын мөөнөтү иш стажына жараша аныкталат. Калаа бийлиги бүгүнкү күндө автобус айдоочусунун маянасы 98 миң сомго чейин жете турганын кабарлаган.

Жергиликтүү бийлик жакынкы аралыкта Бишкек шаарында бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылаарын айтып келет. Анткен менен жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатына жана транспорт таңкыстыгы тууралуу коомчулукта нааразылык көп.

Бишкек мэриясынын автобус сатып алууларынан улам буга чейин бир нече кылмыш иши да козголуп, мурдагы жетекчилер жоопко тартылган.

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей