БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек мэриясы Октябрь районунда митинг өткөрүүгө тыюу салынганын эскертти

Бишкек мэриясы Октябрь районунда митинг өткөрүүгө тыюу салынганын эскертти

Сүрөт интернеттен алынды

Бишкек шаардык мэриясы Октябрь районунда тынч митингдерди өткөрүүгө тыюу салынганын эскертип билдирүү таратты. 

Калаа бийлиги мындай чектөө жарандардын коопсуздугу, коомдук тартипти сактоо жана массалык баш аламандыктардын алдын алуу максатында 24-августан 31-декабрга чейин киргизилгенин билдирди. 

Бишкекте тынчтык митингдери:

1. №27 мекемесинин (СИЗО-1);

2. Бишкек шаарынын мэриясынын;

3. Октябрь райондук сотунун;

4. Октябрь райондук прокуратурасынын;

5. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын;

6. Билим берүү жана медициналык мекемелердин имараттарынын жанында;

7. Базарлардын жана соода комплекстеринин аймактарында;

8. "Д. Асанов", «Ынтымак- 1», «Ынтымак -2», «Адинай», «Кыргызстан жана Азербайджан достугу» «Ата-Түрк» атындагы сейил бактарында тыюу салынат.

Борбор калаада 9-декабрга тууну өзгөртүүгө каршы акция даярдалып жаткан. 2-декабрда анын уюштуруучусу Афтандил Жоробеков милицияга жана УКМКга суракка чакырылганын билдирген. 

Тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорду парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Улан Примов иштеп чыгып, 29-сентябрда коомдук талкууга чыгарышкан.  Жогорку Кеңеш 29-ноябрда бул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Долбоордун максаты мамлекеттик символду жакшыртууга багытталганы жазылган. Алардын пикиринде, туунун ортосундагы түндүктүн жана тегерегиндеги күн нурларынын сүрөтү күн караманы же боз үйдүн тышкы бетин элестеткен дилемманы пайда кылат.

Кыргызстандын азыркы мамлекеттик туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Анын авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Мамат Сыдыков.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей