БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек мэриясы жүк ташуучу унааларга болгон чектөөгө өзгөртүү киргизди

Бишкек мэриясы жүк ташуучу унааларга болгон чектөөгө өзгөртүү киргизди

Сүрөт: Т- Медиа

Бишкек шаарынын аймагында жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу киргизилген чектөөгө өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, калаа башчысы Айбек Жунушалиев жүк ташуучу унаалардын айдоочулары, ошондой эле оор жана ири өлчөмдөгү автотранспортторду иштеткен курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн. Анын жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын үстүбүздөгү жылдын 29-мартындагы №89-р тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү чечими кабыл алынган. 

Ага ылайык, абанын күндүзгү температурасы 28ºС болгон учурда Бишкектин муниципалдык жолдорунда жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө ушул жылдын 1-июнунан 1-сентябрына чейин саат 10:00дөн 19:00гө чейин киргизилет.

Убактылуу чектөө төмөнкү жүк ташуучу унааларга тиешелүү эмес:

– гуманитардык жардам жана азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу материалдар менен жүк;

– Бишкек шаарынын аймагы аркылуу өтүүдө транспорт жана жол тармагы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген атайын уруксаттын негизинде ири өлчөмдөгү жана атайын жүктөр;

– автомобиль жолдорун оңдоого, курууга,  мамлекеттик жана коомдук керектөөлөрдү чечүүгө арналган объекттерди курууга жүктөр.

11-апрелде Бишкектин четине оор жүк ташыган, автокрандар менен бетон куйган автоунаалардын айдоочулары нааразылык акциясына чыгышкан. Чогулгандар мэриянын оор жүк ташуучу автоунаалардын шаар ичинде жүрүшүнө карата коюлган чектөөсүнө нааразы экенин айтышкан. 

Эске салсак: 5-апрелден тарта мэрия оор жүк ташуучу автоунаалардын шаар ичинде жүрүшүнө  1-октябрга чейин чектөө киргизген. Ал талапка ылайык, салмагы 18 тоннадан оор жүк ташуучу автоунаалардын эртең мененки саат жетиден, кечки тогузга чейин шаардагы муниципалдык жолдо жүрүшүнө тыюу салынган. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей