БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек, Ошто тез жардам унаасына жол бошотпогон 78 айдоочуга айып салынды

Бишкек, Ошто тез жардам унаасына жол бошотпогон 78 айдоочуга айып салынды

Сүрөт интернеттен алынды

Бишкек жана Ош шаарларында тез жардам унаасына жол бошотпогон 78 айдоочу айыпка жыгылды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын 7-майда тараткан маалыматына караганда, рейд 29-30-апрель күндөрү жүргүзүлгөн.  

Башкармалык тез жардам, Өзгөчө кырдаалдар жана Ички иштер министрликтеринин үн коштоочу маяктар менен бара жаткан кызматтык унааларына жол бошотпогондорго рейд жүргүзгөн. Эки күндө жалпы 2356 жол эрежесин бузган айдоочулар, анын ичинен 78 тез жардам кызматына жол бошотуп бербеген айдоочулар аныкталган. Аларга жалпы 78  миң сом айып салынганы айтылды.

Кыргызстандын жол эрежелерине ылайык, оперативдүү жана атайын кызматтардын транспорт каражаттарынын айдоочулары кечиктирилгис кызматтык милдеттерди аткарып жатканда көк түстөгү жаркылдоочу маякты иштетип, башка айдоочуларга тыюу болгон траектория менен айдаса болот. 

Эгерде жаркылдак менен кошо үн коштоочу маяктар жандырылган болсо, анда атайын кызмат транспортунун мүмкүнчүлүктөрү дагы да көбөйөт. Мындай учурда башка айдоочулар жол бошотуп берүүгө милдеттүү. Башкача айтканда, жол эрежесинин кээ бир талаптарын бузууга акылуу болуудан тышкары башка унаалардын алдында кыймыл артыкчылыгына да ээ болуп калат.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей