БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек шаардык кеңеши жаңы курамда алгачкы жыйынын өткөрдү

Бишкек шаардык кеңеши жаңы курамда алгачкы жыйынын өткөрдү

Сүрөт: Т- Медиа

Аймактык-административдик реформанын алкагында 4-мартта борбор калаага кошулган айыл округдардын депутаттары менен чогуу Бишкек шаардык кеңешинин алгачкы кеңейтилген отуруму өттү. Жыйынга 235 депутаттын 150дөн ашыгы катышты.

Күн тартибине он маселе киргизилди. Айрым депутаттар жыйында толук кандуу шарт түзүлбөгөнүн сындашты. Алар муну кийинки отурумдарда эске алууну айтышты. 

Калаа башчысы Айбек Жунушалиев кошулган округдардын депутаттарынын сунуш-пикирлерин угууга даяр экенин билдирди.

Шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев президенттин тийиштүү жарлыгына ылайык, алар ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткүчө чогуу иштей турганын белгиледи. Андан соң депутаттардын жаңы саны аныктала турганын кошумчалады.

Былтыр 28-декабрда президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Бишкек шаарына 30дан ашуун калктуу аймак кошулат. Алардын жеринин аянты 25 миң чарчы гектарга барабар. Бул Бишкектин азыркы аянтынан дээрлик үч эсеге көп.

Ошондой эле "Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" жарлыкка ылайык, Ош облусундагы 88 айыл аймактын саны 58ге кыскарып жатат. Ошондо жалпы 30 айыл аймак бириктирилет. 

Буга чейин республика  боюнча жалпысынан 484 жергиликтүү кеңеш (32 шаардык жана 452 айылдык кеңеш) болгон. Ал эми административдик-аймактык реформанын алкагында 268 жергиликтүү кеңеш (33 шаардык жана 235 айылдык кеңеш) болот. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей