БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек шаардык соту 24.kg басылмасынын апелляциялык арызын канааттандырган жок

Бишкек шаардык соту 24.kg басылмасынын апелляциялык арызын канааттандырган жок

24.kg басылмасынын имараты

19-февралда Бишкек шаардык соту 24.kg басылмасынын апелляциялык арызын карап, райондук соттун токтомун күчүндө калтырды. Бул тууралуу "Т-Медиага" аталган соттун басма сөз кызматты кабаралды.   

6-февралда Биринчи Май райондук соту 24.kg агенттигинин өтүнүчүн карап, четке каккан. Адвокат соттон тергөөчүнүн маалымат агенттигинин кеңсесин тинтүү учурунда адвокаттарды киргизбегенин, журналисттерге кеңседе ишин улантуусуна тыюу салышын мыйзамсыз деп табууну жана журналисттерге маалыматтарды эч кимге айтпоо талабын мыйзамсыз койгонун таанууга чакырган.

Эске салалы: 15-январда УКМКнын кызматкерлери 24.kg маалыматтык агенттигинин Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникаларын алып, кеңсесине мөөр басып кетишкен. Атайын кызматтагылар алгач эч кимди киргизбей, кийин басылманын жетекчилери менен алардын адвокаттарынын бир бөлүгүн ичкери алып киришкен. Андан соң башкы директору Асел Оторбаева менен редактору Махинур Ниязованы алып кетип суракка алышкан.  

Андан кийин атайын кызмат 24.kg агенттигине Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (Согушту пропагандалоо") боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Жүргүзүлгөн тинтүүдө компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдар алынган. Буга чейин Асел Оторбаева УКМКга кайрылган. Атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгы бул өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей