БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек шаардык соту дагы беш журналистти камакта калтырды

Бишкек шаардык соту дагы беш журналистти камакта калтырды

Сүрөт: Болот Темиров

5-февралда Бишкек шаардык соту "Темиров LIVE" жана "Айт айт десе" командасынын азыркы жана мурдагы кызматкерлери Махабат Тажибек кызынын, Максат Тажибек уулунун, Сайпидин Султаналиевдин, Жоодар Бузумовдун жана Азамат Ишенбековдун баш коргоо чарасын карап, өзгөртүүсүз калтырды. Алар 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагында камакта болот.

Ал эми Актилек Капаров жана Тыныстан Асипбек уулунун кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Алардын баш коргоо чарасы эртең, 6-февралда каралат.

Буга чейин шаардык сот журналист Айке Бейшекеева, Акыл Орозбеков, Сапарбек Акунбеков жана Жумабек Турдалиевдин бөгөт чарасын карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган эле. 

Эске салсак: 17-январдын кечинде Бишкектин Биринчи май райондук соту "Темиров LIVE" жана "Айт айт десе" долбоорлорунун азыркы жана мурдагы 11 кызматкерин эки айга камоо чечимин чыгарган. Аларды милиция 16-январда эрте менен кармап кеткен. Ички иштер министрлиги аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык тартипсиздиктер) 3-бөлүмү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу) менен кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей