БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек шаарында 31-октябрдан баштап жылуулук берилет

Бишкек шаарында 31-октябрдан баштап жылуулук берилет

Сүрөт: Т-Медиа

Буйрукка калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров кол койду. Алгач жылуулук социалдык объектилерге берилет. оорукана, бала бакча, мектеп, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине жылуулук жеткенден кийин калаа тургундарына бериле баштайт.

 

Ош шаарында жылуулук качан берилери белгисиз. Эреже боюнча аба ырайы 3 күн катары менен -8 градусту көрсөткөндө жылуулук бериле баштайт.

 

Эске салсак, Жылуулуктун тарифи республика боюнча 10 пайызга кымбаттаган.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 69 статей