БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек шаарынын курамына кирүүчү аймактардын тизмеси жарыяланды

Бишкек шаарынын курамына кирүүчү аймактардын тизмеси жарыяланды

Интернеттен алынды

"Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

 

Реформаны Бишкек шаарында дагы өткөрүү пландалууда. 1-апрелге чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сунуштарын жактырып, реформа жүргүзүү тапшырылды.

Жарлыкта Бишкектин курамына  киргизилүүчү   айыл аймактары, айылдар, жаңы конуштар, ошондой эле Аламүдүн менен Сокулук райондорунун участкалары киргизилээри белгиленген. Ага ылайык:

Аламүдүн, Маевка, Пригородный, Төмөнкү Ала-Арча, Лебединовка жана Көк-Жар айыл аймактары;

Алтык-Казык, Анар-Бак, Ак-Жар, Нуркожо-Ата жана Адилет жаңы конуштары;

Орто-Сай, Мыкан айылдары жана 544, 545, 552 контурлары;

Орок жана Новопавловка айыл аймактары;

Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жол айылындагы 177-контур кирет.

Аталган айыл аймактардын жайыт жерлери Бишкектин карамагында болбойт.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей