БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Канат Насипов Бишкек шаарына прокурор болуп дайындалды

Канат Насипов Бишкек шаарына прокурор болуп дайындалды

Сүрөт: Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы

Канат Насипов Бишкек шаарынын прокурору болуп дайындалды. Буга байланыштуу буйрукка башкы прокурор Максат Асаналиев 19-июнда кол койгонун ал башкарган мекеменин маалымат кызматы билдирди.  

Насиповду прокуратуранын жамаатына кечээ, 19-июнда тааныштырылган.

40 жаштагы Канат Насипов учурдагы кызматка дайындалганга чейин Ош шаардык прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы болуп турган.

Борбор калаанын буга чейинки прокурору Эмилбек Абдыманнапов болчу.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей