БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Бишкектин Административдик соту троллейбус зымдарын бузууну токтотуу чечимин чыгарды
Бишкектин Административдик соту борбор калаадагы троллейбус зымдарын бузууну токтотуу чечимин кабыл алды. Аталган сот экологиялык активисттердин Бишкек шаардык кеңешинин 29-августтагы токтомун жокко чыгаруу өтүнүчүн карап, 21-ноябрда аны канааттандырды.
Бишкек шаардык мэриясы бул боюнча азырынча комментарий бере элек.
Буга чейин троллейбустардын ордуна шаардыктардын кызматына эл аралык талаптарга жооп берген заманбап электробустар келери маалымдалган.
Мэрия калаадагы троллейбустарды электробустарга алмаштырып жатканы май айынын башында белгилүү болгон. Ал эми калаа башчысы Айбек Жунушалиев Бишкекте каттамдан алынып жаткан троллейбустар аймактарга берилерин билдирген. #SaveBishkekTrolleybus кыймылы жана башка экологиялык демилгелүү топтор буга каршы чыгып, коомдук транспорттун экологиялык түрүн сактап калууну талап кылып келишет. Алар бул тууралуу соңку ирет президент Садыр Жапаровго дагы кайрылуу жөнөтүшкөн.
Бишкек мэриясы 4-ноябрдан тарта троллейбус каттамдары толугу менен токтотулганын маалымдаган.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө борбор калаада 1200дөн ашык автобус 56 каттам боюнча иштейт. Муниципалдык автобустардын жүрүү аралыгы орто эсеп менен он мүнөттү түзөт. Буга чейин муниципалдык бийликке таандык 135 троллейбус 11 каттамда эл ташып келген.
Автор: Осмонова Айдана > 795 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat