БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек: жаңы үйлөрдү борбордук жылуулукка кошууга тыюу салынды

Бишкек: жаңы үйлөрдү борбордук жылуулукка кошууга тыюу салынды

Медиа Штаб КР

4-февралга карата Бишкек жылуулук электр борборунда сегиз отказан, төрт турбогенератор иштеп жатат. Энергетика министрлиги ЖЭБги кырдаалдан жабыркап, Түркияга дарылануу үчүн кеткен кызматкерлерден кабар алып, алардын жакындары менен тыгыз байланышта экенин кабарлады.

3-февралдын кечинде атайын штабдын жыйынында Бишкекте салынган жаңы үйлөр эми борбордук жылуулукка кошулбай турган болду. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баш калаанын мэрине, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директоруна ушундай тапшырма берди. Маалыматта бул маселени чечүү үчүн кошумча отканалар курулаары белгиленген.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, беш киши жабыркаган. Абалы оор эки жумушчу кече, 3-февраль  күнү кечинде дарыланууга Түркияга жөнөтүлгөн. Турак жайларга жекшембиге караган түнү жылуулук жана ысык суу толук жеткирилери кабарланган эле. Авариянын кесепетин жоюу иштери уланып жатат.

Кыргызстандагы эң ири бул жылуулук борбору 1960-жылдары курулган. Ал 812 миң квт электр энергиясын жана саатына 1294,2 Гкал жылуулук берүүгө ыңгайлашкан. Шаардагы имараттардын 60 пайызга жакынын тейлейт. Жалпысынан 15 отказан иштейт.

2018-жылы 26-январда дагы катуу суукта ЖЭБде чоң авария болуп, Бишкектин тургундары бир нече күн бою жылуулуксуз калган. Мекемени оңдоо  үчүн ага чейинки бийликтин тушунда, 2017-жылы Кытайдын "Эксимбанкынан" алынган 386 миллион доллар насыянын бир тобу кымырылып кеткени ачыкка чыккан. Кылмыш иши козголуп, бир канча аткаминер камакка алынып, жоопко тартылган.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей