БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек ЖЭБде өзгөчө кырдаал жарыяланды

Бишкек ЖЭБде өзгөчө кырдаал жарыяланды

Сүрөт: "Т- Медиа"

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев Бишкек жылуулук электр борборунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, кырсыктын кесепети беш же жети күндө калыбына келтириле тургандыгын билдирди.

Ажыкеев учурда ЖЭБге өзгөчө кырдаалдар режими киргизилгенин, ал эми шаар боюнча киргизгенге негиз жок экенин белгиледи. Ал ошондой эле кырсык президенттин көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

"Түнү бою изилдөө иштери жүргүзүлдү. Техникалык кеңештин жардамы менен авариянын толук мастшабы такталып жатат. Шаарды электр энергиясы менен камсыздоо күчөтүлөт жана электр жарыгы үзгүлтүккө учурабайт",- деди ал.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болду. Энергетика министрлиги абалды жөнгө салуу үчүн ыкчам штаб түзүлгөнүн кабарлады. Ушу тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүп жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек жылуулук электр борборундагы авариядан жабыркаган эки адамдын абалы оор экенин, алар жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгын маалымдады. Ал эми Билим берүү министрлигинин чечими менен Бишкек шаарындагы мектептер менен бала бакчалар 6-февралга чейин онлайн окуутууга өткөрүлдү

2018-жылы кыш чилдеде Бишкек ЖЭБинде чоң авария болуп, борбор шаар бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, бир нече беренелер менен кылмыш иштери козголгон.

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей