БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Бишкек: ЖЭБде жабыркаган эки адам Түркияда дарыланат.
ЖЭБде жабыркаган эки адам Түркиядагы адистештирилген клиникага которулат. Бүгүн, 3-февралда өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу "Голджук" ооруканасынын эки реаниматолог дарыгери Кыргызстанга учуп келди.
Дарыгерлер Этем Өзтүрк жана Энгин Четин Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен биргеликте жабыркагандардын абалы менен таанышып, бейтаптарды дарылоо тактикасын жана дайындалган дарылоону карап чыгышты. Анын жыйынтыгы менен дарыгерлердин кеңешмесин өткөрүштү.
Этем Өзтүрк эки бейтаптын абалы оор экенин, бирок алар аң-сезимдүү экенин, реакция билдирип, суроолорго жооп берип жатканын белгиледи. Дарылоо узакка созулат. Ошондуктан катуу күйүк алган бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлгөн адистештирилген ооруканада дарылоо натыйжалуу болот. Ал эми үчүнчү бейтаптын абалы туруктуу деп айтылат маалыматта.
Кеңешменин жыйынтыгында эки жабырлануучуну андан ары дарылоо үчүн Түркиядагы адистештирилген клиникага которуу чечими кабыл алынды.
Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat