БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек ЖЭБдин абалын мамлекеттик комиссия иликтейт

Бишкек ЖЭБдин абалын мамлекеттик комиссия иликтейт

Медиа Штаб КР

3-февралга карата  Бишкекте 6 от казан агрегаты жана 3 турбоагрегат иштеп жатат. ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 245 МВт деп бааланды. Атайын штабдын тараткан маалыматына караганда  суунун температурасы 35 градустан 68 градуска чейин жетип жатат. Дагы бир казан агрегаты жана бир турбоагрегат отко даярдалып жатканы белгилүү болду.

 

Бишкектеги ЖЭБдин жарылуусунун себептерин изилдөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлөт. Аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектейт. Жарылууну териштирүүгө көмөктөшүү үчүн Орусиядан адистер келет.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышкан жыйында жылуулук борборундагы жарылуунун бир нече себеби такталган. Бирок өкмөттүн маалыматында кайсы себептер экени жазылган эмес.

Бишкек жылуулук борборундагы аварияда имараттын бузулган жерлерин калыбына келтирүүгө 100дөн ашык куруучу тартылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев маалымдады.

Жыйында мамлекеттик мекемелерге медициналык жайларды, реабилитациялык борборлорду жана башка социалдык объектилерди жылуулук менен толук камсыз кылуу сыяктуу тапшырмалар берилди.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бир бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү.

ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. 2-февралда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев абал 5-7 күндүн ичинде жөнгө салынарын айткан.

Садыр Жапаров Бишкек жылуулук борборуна барып, кырсыктан кийин ал жайды калыбына келтирүү иштери менен таанышкан.

Башкы прокуратура ЖЭБдеги жарылуу боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей