БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек ЖЭБдин директору алмашты. Жаңы жетекчи ким?

Бишкек ЖЭБдин директору алмашты. Жаңы жетекчи ким?

Сүрөт: Т- Медиа

Бишкек жылуулук электр борборуна жаңы жетекчи дайындалды. Мэриянын  тараткан маалыматына ылайык, ЖЭБди быйыл январдан бери жетектеп келаткан Алпбек Садыров өзү жазган арыздын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна Нургазы Курманбеков дайындалды. 

Нургазы Курманбеков 2014-жылдан баштап Бишкек жылуулук электр борборунда башкы инженердин орун басары болуп иштеп баштаган. Ал эми 2017-2018-жылдары башкы инженер, 2018-2021-жылдары башкы инженердин орун басары, 2021-2022-жылдары ЖЭБдин директору болуп эмгектенген. Кийин "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун Жабдууларды эксплуатациялоо кызматынын жетектөөчү инженери болуп турган.

2018-жылдын январында Бишкек ЖЭБиндеги суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, 20 градустан ашкан катуу суукта абоненттер беш күн бою жылуулуксуз калган. Буга байланыштуу 2019-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Нургазы Курманбековду башка аткаминерлер менен чогуу төрт жылга кесип, сот залынан камакка алган. Ачык булактарда Курманбеков бул иш боюнча кайсы инстанцияда акталып чыкканы тууралуу маалымат жок.

5-апрелде Президент Садыр Жапаров “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын филиалдары, Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук борборлору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына өтө турганы каралган. 

"Кыргызжылуулукэнерго" ишканасынын жети облуста жалпы 17 филиалы бар. Алардагы 160 отканада 490 отказан иштейт.

Быйыл 2-февралда да таңкы саат 3төр чамасында Бишкек ЖЭБде катуу жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, 5-февралда толук калыбына келтирилген. Авариядан беш адам жабыркап, экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркиядан дарыланып келген. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей