БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек ЖЭБиндеги авариядан жабыркаган эки адамдын абалы оор

Бишкек ЖЭБиндеги авариядан жабыркаган эки адамдын абалы оор

Сүрөт: "24.kg"

Бишкек жылуулук электр борборундагы авариядан жабыркаган эки адамдын абалы оор, алар жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу "Т-Медиага" Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Маалыматка караганда, түнү беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөн. Экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө. Алардын денесинин 80%ы бети, мойну, тулку бою, колу-буту күйүк алган. Ал эми үчүнчү адамдын бети, колдору күйгөн, абалы орто оор деп бааланууда. Калган эки адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Бири тизесинен жаракат алса, бири көмүр кычкыл газына ууланган.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болду. Энергетика министрлиги абалды жөнгө салуу үчүн ыкчам штаб түзүлгөнүн кабарлады. Ушу тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүп жатат.

2018-жылы кыш чилдеде, Бишкек ЖЭБинде чоң авария болуп, борбор шаар бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, бир нече беренелер менен кылмыш иштери козголгон.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей