БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек жылуулук электр борборунун кызматкери кармалды

Бишкек жылуулук электр борборунун кызматкери кармалды

Сүрөт: УКМК

Бишкек жылуулук электр борборунун кызматкери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал 3 миң 200 АКШ доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

"2024-жылдын 27-майында жеке ишкерден 3 миң 200 АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен «С.Э.С.» кармалды. Тактап айтканда, аккредиттелген химиялык лабораториянын жооптуу адиси, акчалай сыйлык үчүн коррупциялык схеманы уюштурган, катуу отундун протоколдук сыноолорунун корутундуларын даярдаган жана бурмалаганы көрүнүп турат.Атайын ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен мурда алынган маалыматтар тастыкталды."

Кызматкерге кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланып жатканы айтылды.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей