БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

“Бишкекбашкыархитектуранын” айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголду

“Бишкекбашкыархитектуранын” айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Сүрөт интернеттен алынды

Бишкек мэриясынын "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын кызмат адамдары кызматтык жасалмачылык жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, мекеменин айрым кызмат адамдары жеке кызыкчылыгын көздөп, шаар куруу жаатындагы расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишкен.

"Кыргызстандын "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамынын талаптарын бузуу менен "А.У." аттуу жаранга мыйзамсыз корутунду беришкендиги аныкталган. Аталган корутундунун негизинде жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты дайындалган. Ал эми текшерүүнүн жүрүшүндө жеке турак жай үчүн берилген жер участокто өз билемдик менен көп кабаттуу үй курулгандыгы жана сот актыларынын негизинде ал бузулууга жатары такталган”,- деп айтылат маалыматта." 

Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) жана 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгону маалым болду. Учурда тергөө органдары тарабынан бул кылмышты жасоого катышкандардын бардыгын аныктоого багытталган комплекстүү иш-чаралар жүрүп жатат.

 

Автор: Боромбаев Максат > 116 статей