БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкеке катуу шамалдан улам киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды

Бишкеке катуу шамалдан улам киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды

Сүрөт: sputnik.kg

Бүгүн, 5-апрелде Бишкек шаарындагы өзгөчө кырдаал режими алынды. Мэрия 28-марттагы катуу шамалдан келтирилген зыян болжолдуу түрдө 16,7 млн сомду түзгөнүн билдирди. 

28-мартта борбор калаа Бишкек менен Чүй өрөөнүндө түштөн кийин ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал катталган. Анын кесепетинен ооруканага кайрылгандардын саны 26 адамга жеткен. Алардын ичинен алтоо ооруканага жаткырылган. 

ӨКМ 150дөн ашык объект, турак-жай зыянга учураганын, бир топ бак-дарак кыйраганын, жалпысынан 10 киши жабыркап, 144 бак кулап, 13 унаа зыян тарткан, 101 объектинин, анын ичинде 37 социалдык, 54 турак үйдүн жана башка имараттардын чатыры бузулганын билдирип, Бишкекте жана Чүйдө өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей