БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкекте 50 млн долларлык жаңы футболдук стадиону курулары айтылды

Бишкекте 50 млн долларлык жаңы футболдук стадиону курулары айтылды

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион

Быйыл Бишкек шаарына 50 млн долларлык футболдук стадиондун курулушу башталат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Мындан сырткары Бишкектеги ипподромдун ордуна "Москва-сити" же "Ташкент-сити" сыяктуу эл аралык борбор куруу пландалууда. 

"Быйыл автовокзалдарды дагы көчүрөбүз. Буга кеминде 25 млн доллар керек. Каражат бөлүнүп жатат. Быйыл мындан тышкары 50 млн долларлык футбол стадионунун курулушун баштайбыз. Мэрияга таштанды өрттөгөн завод курууга жардам берүү ниетибиз бар. Быйыл Бишкекте ири объектилердин курулушу башталат".

Кыргызстанда жаңы футболдук стадион куруу демилгеси буга чейин да көтөрүлгөн.

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион - эл аралык мелдештерди кабыл ала турган жалгыз жай. Мурда ал "Спартак"стадиону деп аталып, 1941-жылы курулуп бүткөн. Стадиондо футболдук аянт, чуркоо жолу, 18 миң күйөрман сыйган трибуна, спорт ийримдери үчүн жайлар бар.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей