БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкекте 196 млн сомдук тарыхый имарат мамлекетке кайтарылды

Бишкекте 196 млн сомдук тарыхый имарат мамлекетке кайтарылды

Сүрөт: УКМК

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бишкектин Фрунзе көчөсүндөгү жеке менчикке өтүп кеткен республикалык маанидеги эки кабаттуу имаратты 25 сотых жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылганын билдирди. 

УКМК тараткан маалыматка ылайык,1992-жылы Москва шаарынын жалпы профсоюздар конфедерациясынын токтому менен Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кеңешине Фрунзе жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги аталган гимнастика боюнча имарат берилген. 

"Жүргүзүлгөн комплекстүү иш-чаралардын жана өз убагында көрүлгөн чаралардын натыйжасында белгиленген жер участогу жана имарат муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилди. Мүлктүн жалпы наркы 196 млн 302 миң сомду түзөт".

Атайын кызмат Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Л.В.И. аттуу жетекчиси имаратты коррупциялык схема менен жеке компанияга өткөрүп жибергени аныкталганын билдирди. Учурда бул факт боюнча иликтөө жүрүп жатат.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей