БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Бишкекте №23 мектеп жабылды

Бишкекте №23 мектеп жабылды

Иллюстрациялык сүрөт

Бишкек шаарындагы №23 мектеп жабылды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы маалымат таратты. 

Маалыматка карганда, сейсмологиялык институттун корутундусуна байланыштуу №23 мектептин абалы изилденип жатат.

"Эгерде бул мектепти бузуу чечими кабыл алынса, ал бузулуп, заманбап талаптарга ылайык жаңы мектеп курулат",-деп жазылган билдирүүдө.

Ал эми окуучулардын сабагы үзгүлдүккө учурабашы үчүн күзгү каникул аяктагандан кийин балдар башка мектептерге бөлүштүрүлөт.

 

Автор: Анарбаева Наргиза > 175 макала