БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкекте алтынчы кабаттан боюн таштаган кыз каза болду

Бишкекте алтынчы кабаттан боюн таштаган кыз каза болду

Сүрөт интернеттен алынды

Окуя 2024-жылдын 23-февралында Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. 23 жаштагы кыз алтынчы кабаттан секирип, каза болгон. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти. 

Милицияга чакыруу саат 13:55те келип түшкөн. Окуя болгон жерге Свердлов райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу барган.

“Каза болгон кыздын өздүгү такталды. Ал 2001-жылы туулган М.Г. аттуу жаран. Бул факты каттого алынып, териштирүү иштери жүрүп жатат”,- деп жазылат маалыматта. 

Тергөө амалдары жүргүзүлүп, экспертиза дайындалган. 

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей