БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкекте Арстан Алайды акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду

Бишкекте Арстан Алайды акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду

Сүрөт: Азаттык.кж

Арстан Алай аты менен таанымал коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаев 7-январда Бишкектеги үйүндө акыркы сапарга узатылды. Ага ондогон жарандар катышып, жаназа намазы окулду.

Абдылдаевдин өлүмүнөн кийин каза болгондугу боюнча тийиштүү кызмат адамдарына карата текшерүүнү башталганын маалымадаган. Аталган кызмат Абдылдаевдин денесин кароо жүргүзүү учурунда, маркумдун моюнунда зымдын изинен башка криминалдык күч колдонгон башка жаракаттары бар экендиги аныкталбагандыгын билдирген. Анын өлүмүнүн келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-трассалогиялык, соттук-психиатриялык жана башка тийиштүү амалдары  жүргүзүлүп жатканын кошумчалаган.

"Башкы прокуратура тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып жыйынтыгы менен мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынын кыймыл аракеттерине карата юридикалык баа берилет."

Эске салсак, Арстанбек Абдылдаевдин жансыз денеси 5-январь күнү таңга жуук ЖАКнын 31-мекемесинде табылган. Ал УКМК тарабынан 2023-жылдын декабрь айында кармалып, ага диний кастыкты козутуу боюнча берене тагылган эле.Абдылдаевдин үй- бүлөсү анын өзүнө кол салуусуна ишенбистигин айтып чыкты.Коомдук ишмердин сырдуу өлүмү соц тармактарда талкууга алынууда.Аны менен катар Абдылдаевге жаназа окулуусу көп суроолорду, талаштарды жаратты.

 

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей