БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Бишкекте аялдардын укугу корголушун талап кылган жөө жүрүш өттү

Бишкекте аялдардын укугу корголушун талап кылган жөө жүрүш өттү

Сүрөт видеодон кыркып алынды

Бүгүн, 8-мартта Бишкек шаарында “Аялдын турмушу – замандын күзгүсү” деген жөө жүрүш өттү.

Активисттер жана жүрүшкө кошулууну каалаган жарандар Уркуя Салиеванын эстелигинин алдына чогулуп, Горький атындагы гүл бакка жүрүш жасашкан. Акцияда коопсуздукту камсыздоого милиция кызматкерлери кошо жүрдү. 

Жүрүштө аялдарга карата зомбулукту токтотуу, соттордун акыйкат болуп, алардын эркиндигин коргоосу сыяктуу талаптар айтылды. 

Кыргызстанда жыл сайын 8-мартта мындай акциялар уюштурулп келет. Анын себеби аялдарга карата зордук-зомбулук фактыларынын азайбай жатканы. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылы өлкөдө 13 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 32,6% көп.

Былтыр дүйнөлүк WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун адам укугу боюнча рейтингинде Кыргызстан экинчи жолу кыз-келиндер үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө деп аталган.

Автор: Анарбаева Наргиза > 175 макала