БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкекте башкы аянттагы туу кайрадан алмаштырылды

Бишкекте башкы аянттагы туу кайрадан алмаштырылды

Сүрөт sputnik.kg сайтынан алынды

Бүгүн, 8-январда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтына Жогорку Кеңеш кабыл алган жаңы туу илинди. Желек гимндин коштоосунда расмий иш чара менен алмаштырылды. 

Мамлекеттик туу 2023-жылдын 26-декабрында өзгөртүлгөн. Бирок 1-январда башкы аянтка парламент кабыл алгандан башка желек илинген. Аны президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков "Парламент кабыл алгандан кийин Министрлер кабинети толуктап, туунун акыркы вариантын токтом менен бекиткен" деп түшүндүргөн

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, былтыр сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты "өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу" экени белгиленген. Кийин экинчи элдик курултайда президент тууну өзгөртүүнү өзү демилгелеп, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге сунуштаганын айткан. 

Жаңы желекте күндүн нурлары толкун сымал эмес түз тартылып, түндүккө дагы бир чамгарак кошулган.  20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алган.  Ал эми 22-декабрда аталган мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Коомчулук желекти өзгөрүүгө каршы пикирлерди соцтармактарга байма-бай жазышууда. Тууга каршы митинг өткөрүүгө камынган жарандык активист Афтандил Жоробеков массалык башаламандыкка айыпталып кармалып, сот аны эки айга камакка алган.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей