БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкекте белгилүү сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги ачылды

Бишкекте белгилүү сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги ачылды

Сүрөт: Интернеттен алынды

Бүгүн, 22-июнда Бишкек шаарында СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Айкелди ачуу аземи Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, "Сүймөнкул Чокморов" коомдук фондунун төрагасы Сагынбек Абдрахманов,  Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун ишмерлери, кино ишмерлери,  замандаштары, жакындары жана эстеликтин авторлорунун катышуусунда болду.

2017-жылы Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги орнотулуп, бирок коомчулуктун сын-пикирлеринен улам 2019-жылы скульптура алынган. Мындан улам "Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонд" сынак жарыялап, скульптор Азамат Абдрахманов жеңген. Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. Ал кино актёр жана сүрөтчү катары таанымал.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей