БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкекте бүгүн жаңы туу илинди

Бишкекте бүгүн жаңы туу илинди

Жаңы желек

Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтына  бүгүн 1-январда жаңы туу илинди. Мамлекеттик туу расмий 2023-жылдын 26-декабрында өзгөртүлгөн.

Сүрөт: Akipress

Ага ылайык желекте күндүн нурлары толкун сымал эмес түз тартылып, түндүккө дагы бир чамгарак кошулган.  20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алган.  Ал эми 22-декабрда аталган мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Ал арада Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиеди жоопко тартууну суранып, Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. Анда азыркы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш мамлекеттик символдорго өзгөртүү киргизе албай турганы айтылган.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты "өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу" экени белгиленген. 

Коомчулук желекти өзгөрүүгө каршы пикирлерди соцтармактарга байма-бай жазышууда.

Тууга каршы митинг өткөрүүгө камынган жарандык активист Афтандил Жоробеков массалык башаламандыкка айыпталып кармалып, сот аны эки айга камакка алган.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей